Токмокто мунайды кайра иштетүүчү завод 7-ноябрга чейин ишке кирет

Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү завод быйыл 7-ноябрга чейин иштей башташы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль Чүй облусуна жасаган иш сапарында билдиргенин 19-сентябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти.
"Токмок мунайды кайра иштетүүчү заводунун ишке киришине өзгөчө маани беребиз. Жаңы ишкананы газ жана суу менен камсыздоого жергиликтүү бийлик жардамдашат. Башкысы - заводдун толук кубаттуулукта жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн чийки зат жеткирүү маселесин чечиш керек. Дайыма чийки зат жеткирип турууга негизделген келишимдин жоктугунан жакында курулган Кара-Балта мунайды кайра иштетүүчү заводу толук кубаттуулукта иштей албай турат. Муну эске алуу менен ишкананы узак мөөнөткө чийки зат менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керек. Завод дээрлик ишке даяр, аны 7-ноябрга карата ишке берүү пландалууда. Айрым техникалык маселелерди иштин жүрүшү учурунда деле чечип алууга мүмкүн",- деди Диль.
Эскерте кетсек, аталган завод жылына 500 миң тонна мунайды кайра иштеп чыгууга ылайыкташкан. Бензин, жеңил дизель майы, суюлтулган газ жана башка продукция чыгармакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан