Өлкө башчынын куттуктоо тексти:
"Урматтуу Кыргыз Республикасынын ишкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күнү биз ишкердикке өмүрүн арнаган адамдардын салымын белгилейбиз. Өлкөбүздүн, жалпы адамзаттын тарыхы далилдеп тургандай, инсандын демилгеси, конкреттүү адамдын чыгармачыл даремети коомдун бардык материалдык жана интеллектуалдык байлыгын жаратат.
Кыргыз Республикасынын ишкерлери – мамлекетти экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана күч-аракетиңиздер менен өлкөдө жаңы жумуш орундары, жаңы өндүрүштөр пайда болууда. Мыкты заманбап имараттар жана үйлөр курулуп жатат, кызмат көрсөтүү чөйрөсү өркүндөп, туризм жана соода өнүгүүдө. Мамлекеттин бюджети көбөйүп, социалдык милдеттенмелер аткарылууда.
Мамлекет ишкердик үчүн шарттарды жакшыртуу, жеке менчикти укуктук жактан ишенимдүү коргоону камсыз кылуу жана мыйзамдуу экономиканы чыңдоо, жеткиликтүү финансы ресурстарын табуу боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген маанилүү милдеттерди так аткарат. Бүгүнкү күндө тышкы дүң продукциянын 40 пайызын чакан жана орто бизнестин ишканалары камсыз кылып жатышат.
Кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусу менен өндүрүштү кайра жаңылоо, бизнес үчүн жаңы мүмкүндүктөр ачылууда. Каржылык кризиске карабай, ушул максат үчүн жеңилдетилген шарттарда каржы ресурстарын тартып жатабыз.
Кыргыз өлкөсү бизнес жана пайдалуу тышкы, ички инвестициялар үчүн абдан жагымдуу өлкө болушу керек. Биз жерибиздин бай мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө ачып берүүгө милдеттүүбүз. Мамлекет бизнести ийгиликтүү өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын ишкерлери ишкердиктин жогорку беделин сактоого, дүйнөлүк үлгүдөгү жигердүүлүктү көрсөтүүгө умтулууга тийиш. Биргелешип, бир максатты көздөп иштеп, биз экономикалык жактан күчтүү жана социалдык жактан байгер Кыргыз Республикасын курабыз!
Бардык ишкерлерибизге каалаарым: туруктуу өнүгүп, дүркүрөп өсө бериңиздер. Болжогон бизнес-долбоорлоруңуздар ишке ашсын. Ишиңиздерди ийгилик коштосун. Чың ден соолук, бак-таалай жана жакшылыктарды каалайм. Өлкөбүз тынчтыкта, биримдикте өсүп-өнүгө берсин!"