Караколдо шайлоо маалында тынчтыкты сактоо маселеси талкууланды

Каракол шаарында 19-сентябрда шайлоо мезгилинде тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев шайлоо маалында мыйзамдын талаптарын бузуу, өлкөдөгү туруктуулукту бузууга багытталган террористтик же экстремисттик аракеттердин, шайлоо алдында мыйзамсыз үгүт материалдарын даярдоо фактыларынын алдын алуу үчүн мамлекеттик органдар катуу иштеши зарылдыгын билдирди. Өлкөдө тынчтыкты камсыздоо үчүн укук коргоо органдары керектүү учурда ыкчам чараларды көрүп, жергиликтүү бийлик буга жардамдашуусу керектиги айтылды. Бул үчүн тийиштүү пландар алдын ала түзүлүшү керектигин белгиледи Маматалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан