Бюджеттик кодекстин долбоорунда бюджеттик резерв түзүү жагы каралган

Бюджеттик кодекстин долбоорунда мамлекеттик бюджеттик резерв түзүү жагы каралган. Каржы министрлигинин билдиришинче, аталган кодекстин долбооруна ылайык, мамлекеттик бюджеттик резерв республикалык бюджеттин курамында түзүлөт. Резервдин каражаттары экономикалык шарттарга жана өзгөчө кырдаалдарга байланышкан чукул арада чечүүнү талап кылган иштерге жумшалмакчы.

Мамлекеттик бюджеттик резервдин жалпы көлөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет жана республикалык бюджеттин жалпы чыгымдарынын 2 пайызын түзөрү айтылды. 

Эскерте кетсек, быйыл июнда долбоор Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде экинчи окууда каралып, долбоорго карата 262 сунуш келип түшкөнү, күзгө чейин ал сунуштар дыкат каралып чыгары айтылган. Документтин долбоору жакында толукталып иштелип чыккан. 

Бюджет кодекси кабыл алынса, мамлекеттик бюджет мамилелерине байланыштуу 16 улуттук мыйзамдын жоюлушу күтүлөт. Алардын өзөгү бирдиктүү Бюджет кодексинин өзүндө камтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан