Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Ивица Дачич Австрия парламентинин мүчөсү Кристин Муттоненди Кыргыз Республикасында 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоодо ЕККУнун байкоочуларын жетектөөчү атайын координатор кылып дайындады.
Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти. ЕККУнун байкоочулар курамына 16 өлкөнүн парламентинен 31 мүчө кирди.
"Алдыдагы парламенттик шайлоо кыргыз өлкөсүндөгү демократия үчүн дагы бир маанилүү сынак болмокчу. Мен жана менин жетекчилигим алдындагы байкоочулар шайлоочулардын биометрикалык каттоонун негизинде добуш бериши шайлоонун таза өтүшүнө жардам бере аларын же бере албастыгын көрмөкчүбүз. Шайлоонун жогорку деңгээлде өтүшү кыргыз эли буга чейин күрөшүп келген демократияны бекемдөөгө өбөлгө түзмөкчү",- деп билдирди Муттонен.