Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын аймактарынын башчылары Бишкекте жолугушуп, байланышты күчөтүүнү талкуулашат

Бишкекте 22-сентябрда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын аймактык жетекчилеринин катышуусунда биргелешкен конференция өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдиришинче, конференцияга Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов, Саратов, Оренбург, Новосибирск облустарынын губернаторлору, өлкөбүздүн 7 облусунун башчылары катышмакчы. Иш-чаранын максаты - кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге киришине карата соода-экономикалык тармакта аймактар аралык байланышты бекемдөө.  
Аймактык жетекчилер, ишкерлер жана эксперттер "Евразиялык интеграциянын алкагында аймактар аралык байланышты өнүктүрүү" деген темада пленардык жыйында талкуу жүргүзүшөрү, мындан тышкары түрдүү темада 5 тегерек стол өтөрү айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан