"Биометрикалык маалымат тапшыруучу жарандардын саны кескин өстү",- деп билдирди бүгүн, 21-сентябрда маалымат жыйынында "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" кыймылынын жетекчиси Динара Ошурахунова. Анын айтымында, парламенттик шайлоого үгүт иштери башталгандан бери биометрикалык маалымат тапшырууга элдин каалоосу күчөдү.
"Бул бир катар себептерге байланыштуу болду: Конституциялык палата биометрикалык маалымат тапшыруу Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапты. Саясий партиялар добуш берүү үчүн биометрикалык маалымат тапшыруу керектигин өздөрүнүн шайлоочуларына жеткиришүүдө. Мунун баары 19-сентябрга бир апта калганда биометриканы тапшыруучулардын санынын кескин көбөйүшүнө алып келди",- деди Ошурахунова.