Жумгалда катуу соккудан өзүн жоготуп, ооруканада каза болгон окуучу боюнча териштирүү жүрүүдө

Жумгалдын Көк-Ой айылындагы мектептердин бириндеги мушташта 9-класстын окуучусунун каза болушу боюнча райондук комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 
Факт боюнча Жумгал райондук жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда аталган айылдагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектепте танапис маалында 11-класстын окуучусу Таалайбеков Жайылбек 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбекти жүрөк тушка катуу уруп, өзүн жоготкон Эркинбек ооруканага жеткирилген. Бирок окуучу өзүнө келе албай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Жумгал райондук билим берүү башкармалыгы Жекшенбек уулу Эркинбектин жүрөк оорусу менен жабыркап жүргөнүн билдирди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан