Караколдо №14-мектептин жана №2-мектеп-гимназиясынын класстарын бириктирүү - аргасыздык. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирип, бул аракетке каршы чыккан ата-энелерге жооп кайтарды.
Аталган мектеп-гимназиясынын имараты авариялык абалда турганына байланыштуу, андагы окуучуларды башка мектепке кошуу зарылчылыгы чыкканын билдирүүдө министрлик. "Имарат 1940-жылы 380 окуучуга ылайыкталып курулуп, бүгүнкү күндө 3 смена менен 1200дөн ашык окуучу билим алып келген. Канализация түтүктөрүн чыгаруунун айынан мектеп имараты авариялык абалга келген. №14-мектеп 1200 окуучуга ылайыкталганы менен, анда болгону 420 окуучу билим алчу. Анын үстүнө эки мектептин аралыгы 500 метрден ашпайт. Болгон ресурсту эффективдүү пайдалануу үчүн ушундай чечим кабыл алынды",- деп билдирет министрлик.
Эскерте кетсек, 17-сентябрда №14-мектепте окуган окуучулардын ата-энелери эки мектептин окуу класстарын бириктирүүгө каршы чыгышкан.