Кыргыз Республикасындагы аялдар сотторунун ассоциациясын түздүк. Биринчи отуруму 25-26-сентябрда болот. Ал жакта кичинекей балдарга карата зомбулуктун алдын алуу каралат.
Былтыр өлкөдөгү сот тутумунун 90 жылдыгын өткөрдүк. Бул маанилүү маараке болду. Сентябрдын башында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 10-кеңешмеси өттү",- деди.
Төрайымдын айтымында, өлкө аймагындагы кылмыш иштери боюнча тергөөнүн сапаты начар болууда. Ошондой эле бул жаатта прокуратура менен ички иштер органдары өз ара иштерди алып барышы керектигин айтып өттү.