Франция келишим боюнча Орусияга куруп жаткан тик учак конуучу кемелерди кайра бузуу иштери башталды. "Мистраль" тибиндеги "Владивосток" жана "Севастополь" кемелеринен Орусияга таандык жабдуулар: башкаруу системи - аскердик-маалыматтык жана куралдарды башкаруу системи, тик учактар конуучу тилке, байланыш системи чыгарып алынат.
Орусиялык маалымат булактары жарыялагандай, кемелерди бузуу иштери бир нече аптага созулат. Орусиялык кеме куруу тармагынын адистери франциялык кесиптештери менен жолугушуп, иштин графигин аныкташкан, бузуу иштери орус тараптын көзөмөлүндө болору айтылды.
Эскерте кетсек, 17-сентябрда Франция парламентинин Төмөнкү палатасы аталган кемелерди курууга байланыштуу келишимдин бузулганы үчүн компенсация төлөп берүү тартиби жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон. Долбоордо кемелерди куруу ишине Орусия чыгымдаган акчаны (893 миллион евро) толук төлөп берүү жагы каралган. Мындан тышкары экипаждарды окутууга кеткен каражат да төлөнмөкчү.
Баасы 1,2 миллиард евро турган эки кемени куруу келишими 2011-жылы түзүлгөн. Кемелердин бирин Франция 2014-жылдын ноябрында, экинчисин 2015-жылдын 1-ноябрында бермек. Франция бийлиги Орусиянын Украинанын чыгышындагы чырга кийлигишип жатканын айтып, кемелерди берүүдөн баш тарткан эле. Жыйынтыгында тараптар 949 миллион 750 миң евро суммасында компенсация төлөө боюнча макулдашуу түзүп, кемелерди куруу иши токтогон.