Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 22-сентябрдагы иш сапарында Каракол шаарынын, Түп, Тоң, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочулары менен жолугушту. Президент алдыдагы шайлоо тууралуу пикирин айтты.
"Шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн мамлекет тарабынан бардык чаралар көрүлдү. Силердин ар бириңер келечек үчүн өзүңөрдүн жоопкерчилигиңерди сезип, татыктууларга добуш берериңерге ишенем. Эл өзүнүн бийлигин өзү тандап алышы керек. Шайлоодо добушуңарды сатпагыла",- деген өлкө жетекчиси алдыдагы 2 жылда өлкөдө мектеп тартыштыгы толук жоюларын кошумчалады.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, өлкө башчынын сапары 23-сентябрда Чолпон-Ата шаарында уланат.