"Биометрикалык маалыматтардын базасы пенсия менен жөлөк пулдун чыныгы муктаждарга берилишин көзөмөлдөөгө жол ачат",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 22-сентябрда Коррупцияга каршы кеңештин жыйынында. Сариев биометрикалык маалымат шайлоонун таза өтүшүнө, Калктын бирдиктүү мамлекеттик каттоосун түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
"Мындай жооптуу чечим жөн эле кабыл алынып калган жок. Бул - ачык, таза жана демократиялык шайлоо өткөрүүнүн жалгыз жолу. Мындан тышкары Социалдык фонд, Социалдык өнүгүү министрлиги сыяктуу социалдык багытта иштеген мамлекеттик органдардын базасы тазаланат. Жок адамдарга мамлекеттик төлөмдөрдү берүү токтотулат",- деди өкмөт башчы.