Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 22-сентябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти. Жаңы дайындалган мамлекеттик кызматкер көп жыл дипломатиялык тармакта иштеген. Кемелова 1971-жылы 24-июлда туулган. Улуту - кыргыз, кыргыз, орус, япон тилдерин билет.
Үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси.