Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы ат майданды жакшылап оңдоо тапшырмасын берди

Президент Алмазбек Атамбаев 22-сентябрда Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында спорттук комплекс курулчу жерди көрүп чыкты. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов аянты 2000 чарчы метрден ашуун келген үч кабаттуу комплекстин башкы планынын долбоору менен тааныштырып, имаратта Көчмөндөр цивилизациясынын борбору да жайгашары айтылды.

Президент Чолпон-Ата шаарындагы келерки жылы Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюндары өтүүчү ипподромду да көрдү жана ипподромду реконструкциялоого жана модернизациялоого тиешеси бар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды бергени айтылат маалыматта.

Ипподромдун аймагындагы унаа токтотуучу жайды жана спорттук имаратка келчү жолдорду жакшылап көркүнө чыгаруу, ипподромго канатташ жолдорду кеңейтүү зарылчылыгы белгиленди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан