Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 22-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатка катышты.
“Кыргыз тили – кыргыз улутунун гана эмес, Кыргыз Республикасынын эне тили. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлдеги мамиле жана жогорку жоопкерчилик болушу керек. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен гана биз туруктуу, өзүбүздүн уникалдуу салт-санааларыбызды, үрп-адаттарыбызды, жаратылышыбызды сактаган күчтүү кыргыз өлкөсүн түзө алабыз”,- деди Ниязалиева.
Вице-премьер “2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы" кабыл алынганын, муну менен мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү багыттары аныкталганын белгиледи. Программалардын максаты мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук колдонууга шарт түзүү экени айтылды.
“Азыркы ааламдашуу заманында тилди өнүктүрүү ишин интернет булактары аркылуу жүргүзүшүбүз зарыл. Интернетти кыргызчалоо, кыргыз тилинде сапаттуу электрондук продукция чыгаруу жагын тезинен колго алышыбыз керек. Бул жаатта бир топ иштер жүрүп жатат, бирок жетишерлик эмес”,- деп кошумчалады өкмөт өкүлү.