Бүгүн өлкөдө Мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тили өлкөдө "мамлекеттик тил" деген статуска ээ болгон. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда "кыргыз тили - мамлекеттик тил, ал эми орус тили - расмий тил" деп жарыяланган. Кыргыз тили күнүнө карата бүгүн билим берүү жайларында конференция, майрамдык кече жана башка иш-чаралар өтөт. 
Мамлекеттик тил статусуна ээ болгонуна карабай кыргыз тили тамырын кенен жайып, дүркүрөп өнүгүүдө деп айтуу кыйын. Тилге байланыштуу мыйзамдарга майда-барат өзгөртүүлөр киргизилип, бир катар мамлекеттик программалар кабыл алынганы менен, олуттуу жыйынтык көрүнбөй келет. Жакында эле КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү муну моюнга алып: "Кыргыз тили коомдо өзүнүн ордун толук кандуу таппай жатат",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан