22-сентябрда өкмөт башчы Темир Сариев Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов, Орусиянын Новосибирск облусунун губернатору Владимир Городецкийди, Оренбург облусунун губернатору Юрий Берг, Саратов облусунун губернатору Валерий Радаев жана Орусия президентинин Чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Владимир Черновду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Орусиянын аймактары ортосундагы карым-катнашты кеңейтүү жана бекемдөө, кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Сариев кыргыз өлкөсү Орусиянын аймактары менен байланышты бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, бул жаатта эки тараптуу ишке ашырчу абдан көп долбоорлор бар деп билдирди.
Орусия субъектилеринин башчылары Бишкекке Кыргыз-орусиялык аймактар аралык IV конференциясынын ишине катышуу үчүн келишкен.