Каржы министрлигинин өкүлдөрү Коррупцияга каршы кеңештин отурумуна катышышты

Каржы министрлигинин өкүлдөрү өкмөткө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин биринчи кеңейтилген отурумунун ишине катышышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы 23-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, жыйын премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында, Жогорку Кеңештин, Коргоо кеңешинин, мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.     

Отурумдун жүрүшүндө ачык-айкындуулукту камсыздоонун заманбап механизмдери жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун биргелешкен күч-аракеттери зарыл болгон негизги багыттар белгиленди. 

Мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкын жана майнаптуу системин түзүү максаттарында аталган системди реформалоо улантылууда. 

"Коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жарандардан министрликтин системиндеги пара талап кылуу фактылары, коррупциялык көрүнүштөр, ошондой эле тендер өткөрүүдөгү терс көрүнүштөр боюнча (0312) 62-42-35 ишеним телефону, коомдук кабылдама (0312 66-12-27) аркылуу кабарлап коюуну, же болбосо даттануусун, тийиштүү чараларды көрүү үчүн minfin@minfin.kg электрондук почтасына жөнөтүп коюуну көптөн-көп суранат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан