Жогорку Кеңештин төрагасы Москвада жүрөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген мамлекетибиздин делегациясы Москвада жүрөт. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, делегация бүгүн, 23-сентябрда Москва шаарындагы башкы мечиттин расмий ачылышына катышат. Кыргыз делегациясы Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдиндин чакыруусу менен барганы айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, сентябрдын башында депутаттар жетиштүү келбегендиктен, Жогорку Кеңештин бир катар жыйындары өтпөй калган. Мындан кийин Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши атайын чечим кабыл алып, шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда парламент жыйындарын өткөрүү токтотулган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан