Бүгүн, 23-сентябрда премьер-министр
Темир Сариев Бишкектеги Улуттук хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын абалы менен таанышып өттү. Текшерүү иш-чарасына вице-премьер-министр
Дамира Ниязалиева, саламаттыкты сактоо министри
Талантбек Батыралиев, Улуттук хирургия борборунун директору
Канат Мамакеев, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери
Динара Сагынбаева да катышты.
Ооруканаларды текшерүү маалында жаңы жетишкендиктер, ошондой эле кемчиликтер айтылды. Белгилүү болгондой, жогорудагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде кадр маселеси жок, бардык медицина кызматкерлери жетиштүү. Муну менен катар имараттарды оңдоп-түзөө жана заманбап медицина жабдыктары менен камсыздоо зарылчылыгы белгиленди. Текшерүүнүн жыйынтыгы Республикалык илимий медициналык китепканада Темир Сариевдин катышуусу менен уланууда.