Кыргыз жериндеги зергерлерге жылына 2 тонна алтын, 3 тонна күмүш керектелет

Кыргыз жеринде ювелирдик тармакта иштегендерге жылына 2 тонна алтын, 3 тонна күмүш керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда вице-премьер-министр Валерий Диль "Кыргыз алтын" ишканасынын абалы талкууланган жыйында билдирди. 
Бүгүнкү күндө ювелирдик ишканалардын көбү көмүскөдө иштеп жатканын белгилеген вице-премьер: "Устаканаларды легалдаштыруу жана аларга керектүү чийки затты толук көлөмдө жеткирүү керек. Бирок мыйзамдардагы кемчиликтерден улам бул маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Тармакты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен бул жааттагы мыйзамдарга анализ жүргүзүүчү жумушчу топ түзүлөт. Зергерлердин иштеши үчүн кызыгуу арттыра турган шарттарды түзүү маанилүү, ошондо гана инвесторлор биздин өлкөдө иш жүргүзүүгө умтулушат",- деп билдирди.
Диль "Кыргыз алтындын" азыркы абалына реалдуу баа берүү үчүн ишкананын бардык активдерине ревизия жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.   


 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан