Бүгүн, 23-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда к
оррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы
Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты
Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Андан кийин 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” айыбы тагылган.