Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов саясий партияларды шайлоо бүткөндөн кийин үгүт материалдарын зым карагайлардан жана дубалдардан алууга чакырды. Муну бүгүн, 23-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, калаа башчысы бүгүн парламенттик шайлоого катышып жаткан 14 саясий партиянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө Кулматов партияларга үгүт материалдарын жайылтуу боюнча мыйзам нормаларын сактоону эскертти. Муну менен катар жаан-чачындын айынан "Физкультурный" сквериндеги өткөрүлбөй калган ишембиликти шайлоо бүткөндөн кийин өткөрүүгө чакырды.