Сиздерди Курман айт майрамы менен куттуктайбыз жана ушул ыйык күнү сиздерге жакшылыктардын баарын каалайбыз. Ислам дининдеги нарктуу салт катары Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Курман айт - маркумдарга куран түшүрүп, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга, улуттар аралык ынтымак менен достукту бекемдөөгө үндөгөн, мусулмандар үчүн ыйык туткан чыныгы баалуулук.
Жараткан жерибизге ынтымак, биримдик, береке, элибизге, ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык берсин!
Айтыңыздар маарек болсун!
Бар болуңуздар! Бир болуңуздар!"- деп айтылат.
Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.