Шайлоо-2015: "Бир бол" партиясынын лидерлери Кара-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту

21-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарынын стадионунда "Бир бол" партиясынын лидерлери Кара-Суу шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. 10 миңден ашуун эл партия лидерлерин кол чабуулар менен жылуу тосуп алды.

Эл алдына "Бир бол" партиясынын лидерлери Алтынбек Сулайманов, Марат Султанов, Мамасадык Бакиров, Абдыжапар Бекматов, Алимжан Байгазаков, Дүйшөн Төрөкулов, Бакыт Шоноев, Руслан Маматов, Арзыкул Бекмурзаев, Умиджан Исаков, Гүлсанам Мамадалиева, Абдыназир Чамашов, Медербек Малабаев жана башкалар чыгышты.

Алгач сөздү партия лидерлеринин бири Алтынбек Сулайманов алып, ал калың элди келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктоодон баштады. "Кара-Суу районунан 7 талапкер чыгууда. "Бир бол" партиясы социологиялык сурамжылоолор боюнча алдынкы катарда келе жатат",- деди Алтынбек Сулайманов. "Партиянын катарындагы кесипкөй, тажрыйбалуу инсандар бар, ал эми берилген убада биз үчүн милдет жана ант. Биз сиздер менен жеңишке жетебиз!" - деп элге кайрылуу менен сөзүн аяктады Сулайманов.

"Биз 5 жыл ичинде жумушсуздукту 3 эсе азайтабыз, ички дүң продукцияны 2 эсе көбөйтөбүз, салыктын 8 түрүн 2ге чейин кыскартабыз, пенсиянын орто эсебин 2 эсе көтөрөбүз",- деди Мамасадык Бакиров. Андан соң ал "Бир бол" партиясы бийликке келери менен кечиктирбестен реформаларды баштаарын айтты.

Абдыжапар Бекматов тууганчылыкка карабай, кошоматтан алыс болуп, жыйынтыктарды бурмалабай, чыныгы элдин тандоосу болгон талапкерлерди шайлаганда гана элдик бийлик болорун баса белгиледи. Бекматов профессионалдар командасына, эл уулдарына, журт кызыкчылыгына иштей турган "Бир бол" партиясына добуш берүүгө чакырды.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан