Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 23-сентябрда Орусиянын муфтийи Равил Гайнутдин менен жолугушту.
Спикер кыргыз өлкөсүндөгү диний кырдаал тууралуу маалымат берип, көз карандысыздык жылдарында динге ишенгендердин саны көбөйгөнүн айтты. “Кыргыз мамлекетинде Мусулмандар дин башкармалыгынын, диний уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана эксперттер коомчулугунун кеңири катышуусунда мамлекет менен диндин өз ара мамилесинин жаңы моделинин негиздери киргизилген диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынды”,- деди Жээнбеков.
Парламент жетекчиси 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу алкагында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчи кадрларын даярдоо боюнча институт түзүлгөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары өлкөдө диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлүп, исламдын чыныгы баалуулуктарын бекемдөө, өлкөнүн дин кызматкерлеринин адистигин жогорулатууга көмөктөшүү, салттуу ханафи мазхабынын негизинде агартуу иштери жүрүп жатканы айтылды.