Франция "Мистраль" тибиндеги тик учак конуучу эки кемесин Египетке сатат. Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Египеттин президенти Абдель-Фаттах аль-Сиси кемелерди сатуу шарттарын макулдашып, бир келишимге келгенин чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Египет Ливия жана Йемендеги чатактарга аралашуу мүмкүндүгүн эске алуу менен аталган кемелерди Кызыл деңизге жана Жер Ортолук деңизине жайгаштырууну пландоодо.
Эскерте кетсек, Франция аталган кемелерди биринчи Орусияга куруп бермек болгон, бирок иш бүтөйүн дегенде берүүдөн баш тарткан. Учурда кемелерден Орусияга таандык жабдууларды чыгаруу
иштери жүрүүдө.
Баасы 1,2 миллиард евро турган эки кемени куруу келишими 2011-жылы түзүлгөн. Кемелердин бирин Франция 2014-жылдын ноябрында, экинчисин 2015-жылдын 1-ноябрында бермек. Франция бийлиги Орусиянын Украинанын чыгышындагы чырга кийлигишип жатканын айтып, кемелерди берүүдөн баш тарткан эле. Жыйынтыгында тараптар 949 миллион 750 миң евро суммасында компенсация төлөө боюнча макулдашуу түзүп, кемелерди куруу иши токтогон.