"Урматтуу мусулмандар!
Тынччылык турмушта, эгемен мамлекеттүү журт, эркин коом катары, башкаларга көз каранды болуп кылчактабай, өз алдынча жамаат болуп намаз окуп жатабыз. Мамлекеттүүлүк - Жараткандын кыргызстандыктарга берген зор дөөлөтү. Бул чоң оомат, ушул дөөлөтүбүздү сактап, өркүндөтүп, өнүккөн мамлекет куруу – биздин негизги максатыбыз.
Буга жетиш үчүн эл арасында ынтымак, коомдо тартип, туруктуулук керек. Кудайга шүгүр, азыр ошондой жолдо баратабыз. Алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн айрымдарында согуш жүрүп, бейкүнөө адамдар каза болуп, ал мамлекеттердин бүтүндүгү бүлүнгөнүн көрүп турасыздар. Бизге бул сабак. Азыр мамлекет өз милдеттерин ырааттуу аткара баштады. Коррупция кыскарды, уурулук азайды, казынанын кирешелери көбөйдү. Ошонун эсебинен мектептерди, ооруканаларды, маданият үйлөрүн, бала бакчаларды куруп жатабыз.
Башка өлкөлөргө көз каранды болбой, өз алдыбызча жүрө турган жолдордун каттамын жасадык. Энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук, өзүбүз гана башкара турган электр тутумун курдук. Газ маселесин чечип, башкаларга жалдырабай турган болдук. Мамлекеттик тилди, маданиятты өнүктүрүүгө, дин тутунуунун ырааттуулугуна жетишүүгө багытталган саясат жүрүп жатат.
Урматтуу мекендештер!
Келечекте ушул иш-аракеттердин уланышын колдойлу. Бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк бололу. Адал ырыскы менен жашаган ыймандуу журт болсок, таза коом курулат, мамлекетибиз күчтүү болот.
Урматтуу мусулмандар!
Кудайдын ушул улуу күнүндө чалган курмандыктарыңар кабыл болсун. Баарыңыздардын каалоо-тилегиңиздер орундалсын. Кудай ар бир мусулман үй-бүлөсүнө, жалпы журтубузга бактылуу турмуш насип кылсын.
Элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун. Сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанды Жараткан өзү колдосун!"