Шайлоо-2015: "Бир бол" партиясы бийликтин эмес, элдик партия, жандоочу партия эмес, сактоочу партия" деди Кыяс Молдокасымов

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында “Бир бол” партиясынын лидерлеринин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү. Аталган партиянын маалымат кызматынан билдиришкендей, эл алдына партия лидерлери Алтынбек Сулайманов, Кыяс Молдокасымов, Улугбек Ормонов, Мамасадык Бакиров, Адыл Кадыров жана башкалар чыгышты.

Мамасадык Бакиров жер-жерлерде шайлоонун эрежелерин, тартибин бузуу орун алып жаткандыгын айтты. "14 партия ат салышууда, кайсынысы алдыга чыгат, ал сиздердин колуңуздарда, себеби бул шайлоонун өзгөчөлүгү: мурдагыдай "карусель" жасагандарга жол берилбейт",- деди ал. Талапкер ой-тилектерди, алдыга койгон максаттарды мамлекет келечеги үчүн жумшоого чакырды.

"Бир бол” партиясы - эң күчтүү, биримдиктүү, мекенчилдикти туу туткан өзгөчө партия”,- деп белгилүү тарыхчы, кыргыз журналистикасынын дөө-шаасы Кыяс Молдокасымов өз сөзүн баштады. Ал “Бир бол” партиясы бийликтин эмес, элдик партия экенин, жандоочу партия эмес, сактоочу партия экенин, күнүмдүк убакытты эсептеген партия эмес, Кыргызстандын келечегин ойлогон алдынкы партия экенин жар салды.

“Тажрыйбалуу профессионалдар биригип, күчтүү командага айландык",- деп партияны сыпаттап өттү. "Бир бол" партиясы парламентке барса, өлкөнүн биримдигин туу тутуп, оор абалдан алып чыгарын айтты. "Тоолуу аймактын тарбиясын, турмушун көргөн адам чыдамкай болот, кыйынчылыкты жеңгенге даяр болот, кыйын кезеңдерде кыргыз мыкты уулдарын аттандырып, мамлекет тагдырын коргоого жиберген учурлар тарыхта абдан көп”,- деп тоолуктардын мамлекет тагдырындагы оош-кыйыш учурларда ойногон ролун баса белгиледи.

Жолугушуу салтка айланган айыл аксакалдарынын шайлоого аттанган партия лидерлерине бата берүүсү менен соңуна чыкты.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан