Аймактык экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамилени өнүктүрүү максатында 24-26-сентябрь күндөрү Кытайдын Сиань шаарында товарлардын жарманкеси өтүп жатат. Ага экономика министри
Олег Панкратов баш болгон кыргыз делегациясы катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жарманкеде ШКУнун аймагында атаандаштыкка туруштук бере алган товарлар, соода-сатык, инвестиция жаатындагы программалар, энергетика, транспорт, өнөр жай, айыл чарба, илим жана техника, маданият, экономика тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүчү долбоорлор көрсөтүлөт.