Бишкекте "Улуу Жибек жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү" кыргыз-кытай ишкерлер форуму өтүүдө
Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте "Улуу Жибек жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү" аттуу Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ишкерлер чөйрөлөрүндөгү өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-кытай ишкерлер форуму өтүүдө. Кытайдан келген бизнес-делегациянын курамына транспорттук коммуникациялар, мунай-газ өнөр жай, энергетика жана башка тармактарда иш алып барган ири ишканалардын жетекчилери киришти. Делегациянын негизги максаты - инвестициялоо жана кызматташуу үчүн кыргыз жергесинин экономикасынын перспективдүү тармактары менен таанышуу жана кыргыз ишкерлери менен байланыштарды түзүү.