Кыргыз-кытай форумунда кыргыз өлкөсүнүн Соода-өнөр жай палатасы менен Эл аралык соодага көмөктөшүү боюнча Кытай комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлат

КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Эл аралык соодага көмөктөшүү боюнча Кытай комитетинин ортосундагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда "Улуу Жибек жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү" кыргыз-кытай ишкерлер форумунда белгилүү болду. 
Маалым болгондой, бул документтин негизинде маалымат жана тажрыйба алмашуу, соода жана бизнес-миссияларын жана башка перспективдүү стратегиялык долбоорлорго инвестицияларды тартууга, кыргыз жергеси менен Кытайдын ишканаларынын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар активдүү өткөрүлүп турат. 
Мындан тышкары бизнес-форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, энергетиканын жаңыланма булактары тармагындагы кыргыз-кытай өнөктөштүгү, Улуу Жибек жолунун алкагында эки өлкөнүн инвестициялык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан