Биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны 2 миллион 849 542 адамга жетти

Биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны 2 миллион 849 542 адамга жетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 25-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Анын 2 миллион 757 миңинин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилген. Бирок анын канчасы 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого катыша ала турганы азырынча тактала элек. 
"БШКга бүгүн дагы кошумча тизме жиберебиз. Бирок биометрикалык маалыматын тапшыргандардын арасында 16 жаштан 18 жашка чейинки жарандар да бар болгондуктан, жогорудагы көрсөткүч кыскарат. Анткени 18ге чыга элек жарандар шайлоого катыша албайт. Ошондой эле жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча маалыматтарды базага киргизүү иштери жүрүүдө. Ошондуктан добуш берүүчү дарегин өзгөрткөндөрдүн саны да так эмес",- деди басма сөз кызматынын өкүлү.
Кыргыз Республикасында 16 жаштан жогорку курактагылардын жалпы саны 3 миллион 773 635 жаран болсо, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Канат Азиз 18 жаштан жогоркулардын саны 2 миллион 752 миңдей экенин билдирди. 

Эскерте кетсек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар гана катыша алышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан