2016-жылы жергиликтүү бюджеттердин суммасы 18,9 миллиард сомду түзөт

2016-жылы республиканын жергиликтүү бюджеттеринин суммасы 1 миллиард 455 миллион 300 миң сомго көбөйүү менен 18 миллиард 900 миллион 900 миң сомду түзөт. Каржы министрлиги сумманын көбөйүшү жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин көбөйүшү менен байланыштуу экенин билдирди.

"2016-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүдө жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерден 2016-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоору Кыргыз Республикасынын
ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына жана эки баскычтуу бюджет системине ылайык аныкталган. Жергиликтүү бюджеттердин жалпы саны 484 бирдикти түзөт. Анын экөөсү – республикалык маанидеги шаарлар, он экиси – облустук маанидеги шаарлар, он жетиси – райондук маанидеги шаарлар, төрт жүз элүү үчү – айыл аймактары",
- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан