Алмазбек Атамбаевге энергетика тармагынын кышка даярдыгы боюнча маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-сентябрда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга өлкөнүн энергетикалык системинин абалы жана иши, "Датка-Кемин" электр линиясын ишке киргизүүнү жана өлкөнүн газ бөлүштүрүү системин этап-этабы менен өнүктүрүүнү эске алуу аркылуу алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. 

Кубанычбек Турдубаев мамлекетибизде жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө багытталган ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө да айтып берди.

Президенттик аппараттын билдиришинче, Алмазбек Атамбаев жылуулук берүү мезгилин стабилдүү өткөрүү үчүн жана күз-кыш мезгилинде өлкөнүн энергетикалык системинин ишенимдүү иштеши үчүн бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан