"Ушул парламенттик шайлоо эң таза өтүшү мүмкүн" дейт юридика илимдеринин доктору

"Өлкө тарыхындагы шайлоолорго салыштырмалуу ушул парламенттик шайлоо эң таза өтүшү мүмкүн". Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, шайлоону көзөмөлдөө боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү Кайрат Осмоналиев 25-сентябрда өткөн маалымат жыйында айтты. Анын билдиришинче, учурда административдик ресурстарды ачыктан-ачык пайдалануу көрүнүшү жокко эсе. 
"Коомдун ачыктыгы жана элдин саясий аң-сезими бир топ өстүАр бирибиздин интернет булактарды колдонууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошол эле учурда атаандаш партиялар да уктап отурбай бири-биринин кемчиликтерин же мыйзам бузуучулуктарын ачык айтып, жарыялашууда. Биометрикалык маалыматтын да пайдасы бир топ болду. Мисалы, мага буга чейинки шайлоодо шаардагы жана айылдагы дарегиме да билдирүү келип, сынап көрүү үчүн эки участоктон тең шайлаганмын. Бул ирет бир жаранга эки участоктон добуш берүүгө мүмкүнчүлүк жок",- деди Осмоналиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан