“Ата Мекен” партиясы кыргыз жеринде үй-бүлөлүк башкаруунун, жеке диктатуранын орношуна бөгөт болду. Эки жолу өлкөнү саясий-башкаруу кризисинен чыгарды",- деп “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев теледебаттын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясы жаңы саясий систем сунуштап, Кыргыз Республикасынын тарыхынын жаңы барагын ачты.
Ошондой эле дебаттын жүрүшүндө Ө.Текебаев “Ата Мекен” рыноктук экономиканы колдоорун, бирок рыноктук коомго каршы экендигин белгиледи.
"Биз пулуң болсо кулуңмун" деген идеологияга каршыбыз. Биздин партия рыноктук экономиканы колдойт, бирок рыноктук коомго каршы. Коомдо бардык нерсе акчага сатылышы мүмкүн эмес. Тарых, намыс, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы, адамдын жан дүйнөсү соода предмети, товар болбошу керек”,- деп билдирди Өмүрбек Текебаев.