Кыргыз мамлекети менен Казакстандын Ички иштер министрликтери биргелешип иштөө жолдорун талкуулашты

Кыргыз мамлекети менен Казакстандын Ички иштер министрликтеринин жетекчилери 25-сентябрда Тараз шаарында чек ара кызматташтыгын талкуулашты. ИИМдин билдиришинче, жолугушууга өлкөлөрдүн чек арага жакын райондорунун башчылары да катышып, тараптар жаңы шартта: КРнын ЕАЭБге киришине байланыштуу кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышты. 
"Биргелешкен жыйында уюшкан кылмыштуулук, диний экстремизм жана терроризм, мыйзамсыз миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, мал уурулукка каршы күрөшүүдө, кылмышкерлерди издөөдө чек арага жакын райондордогу ички иштер органдарынын биргелешип иштөөсү талкууланды",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан