"Таза шайлоо" ассоциациясы: "Биометрикалык маалыматын тапшырган 6 миңдей адамдын даректери так жазылган эмес"

Биометрикалык маалыматын тапшырган 6 миңдей адамдын даректери так жазылбагандыгын бүгүн, 28-сентябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө «Таза шайлоо» ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова билдирди. 
"Биометрикалык каттоодо 6 миң адамдын жашаган шаары же айылы гана кирип калган. Бул маселе биометрикалык маалыматты бат-баттан кабыл алып, сапатына эмес, санына көңүл бурган операторлордун айынан келип чыкты деп ойлойбуз. Дагы бир божомол боюнча, бул мүчүлүштүк кайсы бир максатка жетүү үчүн атайылап жасалышы мүмкүн",- деди байкоочу.
Усупбекованын айтымында, биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба албаган жарандардын саны 10-15 пайыздык көрсөткүчтөн 0,5 пайызга түштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан