“Үгүт иштеринде административдик ресурс пайдаланылууда" дейт коомдук ишмер Айнура Усупбекова

“Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде административдик ресурс пайдаланылууда”,- деди бүгүн, 28-сентябрда маалымат жыйынында "Таза шайлоо" уюмунун өкүлү Айнура Усупбекова. Анын билдиришинче, жергиликтүү бийлик органдары: шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары өздөрүнүн партияларына жан тартууга аракет жасап жатышат.

Биздин маалыматтар боюнча, жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоочуларга басым жасоо өзгөчө айыл аймактарында күч алган, ал эми шаар тургундары мындай маселеге кабыла электигин билдиришүүдө. Партиялардын биринин бир аймактагы штабдары ар бир 10-20 метр сайын жайгаштырылганы белгилүү болду. Бул жерде административдик ресурс пайдаланылган деп ойлойбуз, анткени "Мынча имаратты ижарага кайсы акчага алган?" деген суроо жаралат, алардын каражат фондун да текшерип көрүү зарыл”,-дейт Усупбекова.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан