Адылбек Касымалиев Түркиянын Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк агенттигинин президенти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиев 27-сентябрда Түркия Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк агенттигинин президенти Сердар Чам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Ушул тапта Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк агенттиги кыргыз өлкөсүндөгү ар кайсы чөйрөдө бир нече ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Мамлекеттик каржыларды башкаруу системин реформалоодогу Түркиянын оң тажрыйбасын эске алып, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каржыларын башкаруунун маалымат системин иштеп чыгып, ишке киргизүү" долбоорун ишке ашырууда агенттиктин колдоосуна ишенебиз. Бул долбоор Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү болуп саналат",- деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Сердар Чам кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү болгон долбоорлорду ишке ашыруу биринчи кезекте Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталгандыгын баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан