“Нарында жана Жалал-Абадда депутаттыкка талапкерлердин ортосунда болгон бычакташуу, мушташуу окуялары мүмкүн болушунча жашырылууда”,- дейт коомдук ишмер Айнура Усупбекова. Анын айтымында, Нарындагы окуя факт катары такталган, бирок жөнөкөй келишпестик катары айтылууда.
“Нарындагы жабырлануучу эч нерсе болгон жок деген позицияда турат. Күч органдары да “Бул окуяда жабырлануучулар барбы же жокпу?” деген сурообузду жоопсуз калтырышууда. Ал эми Жалал-Абаддагы окуя боюнча жергиликтүү телеканалдар ар кандай маалыматтарды таратышууда. Баланс жок, кайсы биринде жабырлануучу тарапты кечке көрсөтсө, ал эми башкасында экинчи тарапты колдоп беришүүдө. Күч органдары бул боюнча “иш козголгон жок, учурда экспертиза өткөрүлүүдө, анын жыйынтыгы менен маселе кандай чечилери билинет” деп жатышат. Бул нерсе дагы биздин шайлоочуларды тынчсыздандырууда, анткени биздин депутаттыкка талапкерлер эми цивилизация жолуна түшүп калды деп айтылары менен ушундай окуялар болуп кетти”,- дейт коомдук ишмер.
Эскерте кетсек, 24-сентябрда "Республика - Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Азизбек Эсенов "Кыргызстан" партиясынын Нарындагы өкүлү Бектур Назаров менен уруша кетип, ага бычак сайып салганы жарыяланган.
Ал эми 26-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында "Республика-Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутаттыкка талапкер Абдуманап Абдыбахаповдун ортосунда уруш чыгып, мушташууга чейин жеткени белгилүү болгон. Ташиев Абдыбахаповду ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиргени маалымдалган.
Жалал-Абад ОИИБинен билдиришкендей, Ташиев жана Абдыбахаповдун ортосундагы мушташуу фактысы боюнча кылмыш иши "бейбаштык" беренесинин негизинде козголду.