Бишкекте кыргыз-чехиялык бизнес-форум өтүүдө

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкекте биринчи кыргыз-чехиялык бизнес-форум өтүүдө. Иш-чара Кыргыз Республикасы менен Чехиянын компания-ишканаларынын ортосунда экономикалык байланышты жөнгө салуу жана өнүктүрүү максатында уюштурулганы айтылды. Форумга эки өлкөнүн мамлекеттик ишканаларынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышууда. 
"Форум Кыргыз Республикасы жана Чехиянын ортосунда соода-экономикалык байланыштын өнүгүүсү үчүн шыктандыруучу күч болот. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көрсөткүчү төмөн, бирок ошол эле мезгилде бизнесте чоң өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар. Чехия өнөр жай, жашыл экономика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында алдынкы жана арзан технологиялык чечимдерди камсыз кыла алат",- деди Чехиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова форумдун ачылышында.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан