Кыргыз өлкөсү менен Чехиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 6 айда 6 миллион долларды түздү

2015-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасы менен Чехиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 6,2 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан биринчи кыргыз-чехиялык бизнес-форумда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2013-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көрсөткүчү 8,5 миллион долларды түзгөн, 2014-жылы товар жүгүртүү динамикасы жогорулап, жүгүртүүнүн көлөмү 25,5 миллион долларды түзгөн, анын 14,8 миллион доллары - экспорт, 10,7 миллион доллары - импорт. 
Чехиядан кыргыз жергесине кийимдер, алюминийден жасалган буюмдар, косметикалык жана транспорттук каражаттар, фармацевтикалык продукциялар жана башкалар импорттолот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан