Өмүрбек Бабанов: "Ташиевди тизмеден чыгаруу боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз"

Өмүрбек Бабанов БШКнын Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынан алып салуу боюнча чечимин мыйзамсыз деп сыпаттады. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов 28-сентябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, БШК “Республика-Ата Журт” партиясынын үнүн уккан жок.Ташиевди тизмеден чыгаруу боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз. Анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин бир гана сот чечет,- деди ал. 

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. Бир күн мурун теледебатта Бабанов Ташиев эч кимди токмоктобогонун билдирип, бирок окуянын чоо-жайын так түшүндүрүп бере албай калган.  

Камчыбек Ташиев: "БШКнын чечимин сотко бердик"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан