Борбордук шайлоо комиссиясы 28-сентябрда кезексиз жыйын өткөрүп, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов саясий партиялардын биринин программасын сынга алгандыгы үчүн ага эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.
БШК мүчөлөрү мамлекеттик кызматтагы адамдардын партиялардын программаларына түшүндүрмө берүүгө укугу жок экенин айтышты.
"Бул БШК тарабынан башка бардык органдардын жетекчилерине тийиштүү болушу керек. Алардын шайлоо алдында саясий партиялардын программаларына баа берүүсү жана аралашуусу керек эмес",- дешти БШК мүчөлөрү.