Президент Бишкек бардык кызматтар жашоочулардын алдында жоопкерчиликти сезген жана шаардагы келип чыккан маселелерди ыкчам чечкен, жашоочулар үчүн эң ыңгайлуу болгон региондогу мыкты шаар болууга тийиш экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Бишкекти жана анын инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу каражат жумшалып жаткандыгын эскертип, өз кезегинде шаардыктар дагы борбор шаарыбызга мамилесин өзгөртүп, жоопкерчиликтүү болууга тийиш экендигин белгиледи.
Борбор шаардын жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатып президент жакынкы эки жылдын аралыгында өлкөдө мектептердин жетишсиздик маселеси, анын ичинде Бишкек шаарында дагы толугу менен жоюларын маалымдады. “Авариялык абалдагы мектептерди реконструкциялоо жана зарыл болгон жерлерде жаңы мектептерди куруу маселелери чечилет. Ага жумшалчу каражат бар. Андан соң биз ооруканаларды жана поликлиникаларды колго алабыз”,- деди мамлекет башчы.
Балдар бакчаларынын тартыштыгы тууралуу маселеге келгенде президент өлкөдө мамлекет салыктардын бардык түрлөрүнөн бошотуу жолу менен жеке балдар бакчаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп жаткандыгын белгиледи. "Ошону менен катар Башкы прокуратурага мыйзамсыз сатылган балдар бакчаларын кайрадан мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча ишти акырына чыгаруу тууралуу тапшырма берилди. Бирок мамлекеттик мекемелерди гана карап отурганыбыз болбойт. Жеке балдар бакчалары ачылышы үчүн бардык шарттарды түзүү керек”,- деди ал.