2016-жылга теңдештирүүчү гранттардын көлөмү 1,6 миллиард сомду түзөт

2016-2018-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, 2016-жылга теңдештирүүчү гранттар 1 миллиард 609,3 миллион сом суммасында эсептелген. Бул тууралуу 29-сентябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрүнүн көбөйүшү жергиликтүү бюджеттердин чыгашалык милдеттенмелерин аныктоодо коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр беренелери боюнча жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо тартибинин өзгөрүшү, ошондой эле электр энергиясына тарифтердин жогорулашы менен байланышкан. 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кетчү чыгымдар мурда жергиликтүү бюджеттерде жетишсиз даражада каралып, республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралчу. 2015-жылы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кетчү чыгымдар толугу менен жергиликтүү бюджеттерде каралган.

Эсептөөлөрдүн негизине жан башына эсептелген кирешелердин көлөмүн өз ичине камтыган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун «бюджеттик камсыздалгандык» деген мааниси алынгандыгы теңдештирүүчү гранттарды түзүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат.      

Теңдештирүүчү гранттар – стабилдүү социалдык-экономикалык абалды сактап туруу максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан