БШКдагы "Республика" партиясынын өкүлү Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин алып салууга "макул" деп добуш берген

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгаруу маселесин караган. Анда К.Ташиевди тизмеден чыгарууга БШКнын 9 мүчөсү "макул", экөөсү "каршы" деп добуш берди. Азыркы кызматына "Республика" партиясынын квотасы менен барган БШКнын мүчөсү да Ташиевди шайлоодон четтетүүгө "макул" деп добушун берди. 

Камчыбек Ташиевди тизмеден чыгарууга "макул" деп добуш бергендер:

БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдураимов ("Ар-намыс") 

Айнура Шайымкулова ("Республика")

Канат Азиз ("Ата Мекен")

Абдысамат Баялинов ("Ар-намыс") 

Рашид Бекбасаров (КСДП) 

Жеңиш Акматов (президент тарабынан сунушталган)

Алмаз Асаналиев (президент тарабынан сунушталган)

Гүлнара Баатырова (президент тарабынан сунушталган)

Жаркын Бапанова (президент тарабынан сунушталган)

"Каршы" деп добуш бергендер:

Гүлнара Журабаева ("Ата Мекен") 

Нурмамат Ашимов ("Ата Журт")

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан